Мектеп №85 Жалпы орто билим берүү мектеби

Новости

21-февраль күнү англис тили боюнча 9-А, 9-Б класстарында Мотиева Жумакан Карабаевна  “Lets travel to America and England countries” темасы боюнча викторина сабагын өттү. Бул сабакта окуучулар англис тилинде эркин сүйлөшүп,даярдап келген тапшырмаларын жактап беришти, берилген викториналык суроолорго жооп беришип, атаандаштык менен эки команда таймашышты.Таймашта окуучулар активдүүлүгүн, Америка жана Англия жөнүндө жакшы билишкендиктерин сабакта көрсөтүп бере […]
25.02.2019 202
“Биз Ата Мекендин коргоочуларыбыз” аттуу конкурс 7-А,  7-Б. 8-А, 8-Б,  8-В класстардын арасында болуп өттү. I орунга 8-Б, II орунга 8-А , III орунга 8-В класстар татыктуу болушту. Биздин окуучуларыбыз Ата Мекенди сүйгөн инсандар болот деп ишенебиз.
25.02.2019 211
Мектеп ичиндеги ар бир даталуу күнгө биздин окуучулардын тарткан сүрөттөрү.Өзгөчө изденүү жана ойлонуу менен мыкты сүрөттөлүштөрдү жаратышат!Биз окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз.
22.02.2019 195
№85 ЖББОМинде 23-февраль Ата Мекендин коргоочулар күнүнө карата ” Жоокер” аттуу конкурс 10-11-класстардын эркек балдар арасында болуп өттү. Биздин эркек окуучу балдар келечектеги Мекендин чыныгы коргоочулары. Окуучуларыбыз активдүү катышышты. Биз окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз!
21.02.2019 147
№85 ЖББОМнин англис тили мугалими Мотиева Жумакан 19-февралда 2-сабакта 5-а классында “Rooms and Furniture” деген темада ачык сабак өттү. Бул сабакта окуучулар англис тилине кызыгуусу артып баардыгы активдүү катышышты.Сабакта окуучулар суроолорго жооп беришти, сүрөттөр, класстер боюнча иштешти. Сүйлөмдөрдү сүрөт аркылуу окушту, ж.б. тапшырмаларды так даана аткарышты.Сабак кызыктуу болду!
19.02.2019 337
26-январь күнү №85 ЖББОМде 5-6 класстар арасында”Атам, апам, мугалим эжекем жана мен”- шамдагай үй-бүлөөбүз аттуу спорттук иш чара болуп өттү.Спорттук иш-чарага жалпысынан 5 команда катышты. Алардын ичинен 3 команда байгелүү орундарга ээ болушту.Спорттук иш-чарага ата-энелер активдүү катышып беришти,ата-энелер менен мектеп тыгыз байланышта болуп турушат. 1-орун “АК ТУЛПАР командасы 2-орун “ШУМКАР” командасы 3-орун “ЖЫЛДЫЗДАР” командасы 4-орун […]
19.02.2019 239
Биздин №85 ЖББОМде табигый жана так илимдер бирикмесинде декада болуп жаткандыктан физика жана информатика сабагынан бирдиктүү түрдө 8 класстардын ортосунда “Акыл таймаш” Интеллектуалдык марафон оюну болуп өттү.Таанып билүүнүн алгачкы элементи бул-кызыгуу.Окуучуларды физика, информатика сабагына кызыктыруусунун натыйжалуу жолу болуп стандарттык эмес сабак эсептелет.Мындай сабактарды өтүүдө, окуучулардын өз алдынчалуугун, ойлоо жөндөмдүүлүгүн,сабактын эффективдүүлүгүн физика, информатика сабагы боюнча билим […]
19.02.2019 401
Бул көрүнүштө болсо 5-а,б,в класстардын “Ооган ыйы” аттуу тарбиялык саатты. Окуучулар жогорку чыгармачылык денгээлде даярданышкан.Окуучулар согуш деген эмне экендигин жүрөктөрү менен сезишип , эненин бала үчүн болгон сезимин өз туйумдары менен сезишти. Абдан жогорку денгээлде болду. Класс жетекчилерине чон рахмат айтабыз.
19.02.2019 219
“Жолдо жүрүү эрежеси” боюнча 1-4-класстар арасында сүрөт конкурсу өткөрүлдү. Жыйынтыгында 3-б класстын окуучусу Султангазиев 1- орун, 1-в класстан Турова 2-орунга ээ болушту. УОБДД  инспектору Калманбетов Рахатбек Эркинбекович окуучуларга грамоталарды тапшырды. “Жол кыймылынын кооптуу  жерлери” боюнча лекция өтүштү.
19.02.2019 192
Биздин мектептин 1-7-класстын окуучулары 16-февралда зоопаркка барышып , жаныбарларды “Миң уккандан бир көргөн” дегендей өз көздөрү менен көрүп таанышып келишти. Балдарга абдан жакты.Бирин көрүп бүтпөй, экинчисине чуркап барып көрүп жатышты. Балдарга абдан кызыктуу экскурсия болду.
19.02.2019 194
Бүгүн 18-февралда англис тили боюнча окуучулар менен биргеликте кол өнөрчүлүк көргөзмөсү болуп өттү.Көргөзмөдө окуучулар Англис элине тиешелүү болгон буюмдарды жасап келишкен. Big ben, London Bride ж.б. Бул көргөзмө окуучулардын англис тилине болгон кызыгууларын арттырууда.Окуучулар англис тилине кызыгып берилген тапшырмаларды мыкты аткарып келишти.
19.02.2019 178
2019-жылдын 8-февралында Афган ветерандары менен жолугушуу болду. Окуучулар мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбия алышып, иш-чара жогорку деңгээлде болуп өттү.
15.02.2019 204
5 / 7«...34567