Мектеп №85 Жалпы билим берүү орто мектеби

Новости

Урматтуу Бакай-Ата конушунун жашоочулары!  2019-2020-окуу жылына карата 1-класска кыргыз жана орус тилдеринде окутуу үчүн 2019-жылдын 15-февралынан баштап электрондук каттоо башталды. Каттоо Бакай-Ата конушундагы №85 ЖББОМинде жүргүзүлүүдө же болбосо электрондук http://mektep.edu.gov.kg сайтына кирип керектүү пунктарды толтуруп өз алдыныздарча катталсаныздар болот. 2019-жылдын 16-майынан тартып убактылуу батирде жашаган окуучулар кабыл алынат. Мектеп администрациясы.
26.02.2019 83
Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы. Бишкек шаарындагы 85 ЖББОМнин ” Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы ” 11 -февралдан 16- февраль аралыгында өткөзүлдү. 10- 11 класстар боюнча атайын тегерек стол уюштурулду .Технология мугалими Бийбосунова Эльмира 5- 6 класстарга сүрөт конкурсун уюштурду .Ал эми 7 -класстарга ар түрдүү роботтордун макетин , ошондой эле жүрүүчү ар түрдүү автомобилдин […]
25.02.2019 84
21-февраль күнү англис тили боюнча 9-А, 9-Б класстарында Мотиева Жумакан Карабаевна  “Lets travel to America and England countries” темасы боюнча викторина сабагын өттү. Бул сабакта окуучулар англис тилинде эркин сүйлөшүп,даярдап келген тапшырмаларын жактап беришти, берилген викториналык суроолорго жооп беришип, атаандаштык менен эки команда таймашышты.Таймашта окуучулар активдүүлүгүн, Америка жана Англия жөнүндө жакшы билишкендиктерин сабакта көрсөтүп бере […]
25.02.2019 79
“Биз Ата Мекендин коргоочуларыбыз” аттуу конкурс 7-А,  7-Б. 8-А, 8-Б,  8-В класстардын арасында болуп өттү. I орунга 8-Б, II орунга 8-А , III орунга 8-В класстар татыктуу болушту. Биздин окуучуларыбыз Ата Мекенди сүйгөн инсандар болот деп ишенебиз.
25.02.2019 74
Мектеп ичиндеги ар бир даталуу күнгө биздин окуучулардын тарткан сүрөттөрү.Өзгөчө изденүү жана ойлонуу менен мыкты сүрөттөлүштөрдү жаратышат!Биз окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз.
22.02.2019 61
№85 ЖББОМинде 23-февраль Ата Мекендин коргоочулар күнүнө карата ” Жоокер” аттуу конкурс 10-11-класстардын эркек балдар арасында болуп өттү. Биздин эркек окуучу балдар келечектеги Мекендин чыныгы коргоочулары. Окуучуларыбыз активдүү катышышты. Биз окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз!
21.02.2019 67
№85 ЖББОМнин англис тили мугалими Мотиева Жумакан 19-февралда 2-сабакта 5-а классында “Rooms and Furniture” деген темада ачык сабак өттү. Бул сабакта окуучулар англис тилине кызыгуусу артып баардыгы активдүү катышышты.Сабакта окуучулар суроолорго жооп беришти, сүрөттөр, класстер боюнча иштешти. Сүйлөмдөрдү сүрөт аркылуу окушту, ж.б. тапшырмаларды так даана аткарышты.Сабак кызыктуу болду!
19.02.2019 78
26-январь күнү №85 ЖББОМде 5-6 класстар арасында”Атам, апам, мугалим эжекем жана мен”- шамдагай үй-бүлөөбүз аттуу спорттук иш чара болуп өттү.Спорттук иш-чарага жалпысынан 5 команда катышты. Алардын ичинен 3 команда байгелүү орундарга ээ болушту.Спорттук иш-чарага ата-энелер активдүү катышып беришти,ата-энелер менен мектеп тыгыз байланышта болуп турушат. 1-орун “АК ТУЛПАР командасы 2-орун “ШУМКАР” командасы 3-орун “ЖЫЛДЫЗДАР” командасы 4-орун […]
19.02.2019 126
Биздин №85 ЖББОМде табигый жана так илимдер бирикмесинде декада болуп жаткандыктан физика жана информатика сабагынан бирдиктүү түрдө 8 класстардын ортосунда “Акыл таймаш” Интеллектуалдык марафон оюну болуп өттү.Таанып билүүнүн алгачкы элементи бул-кызыгуу.Окуучуларды физика, информатика сабагына кызыктыруусунун натыйжалуу жолу болуп стандарттык эмес сабак эсептелет.Мындай сабактарды өтүүдө, окуучулардын өз алдынчалуугун, ойлоо жөндөмдүүлүгүн,сабактын эффективдүүлүгүн физика, информатика сабагы боюнча билим […]
19.02.2019 166
Бул көрүнүштө болсо 5-а,б,в класстардын “Ооган ыйы” аттуу тарбиялык саатты. Окуучулар жогорку чыгармачылык денгээлде даярданышкан.Окуучулар согуш деген эмне экендигин жүрөктөрү менен сезишип , эненин бала үчүн болгон сезимин өз туйумдары менен сезишти. Абдан жогорку денгээлде болду. Класс жетекчилерине чон рахмат айтабыз.
19.02.2019 65
“Жолдо жүрүү эрежеси” боюнча 1-4-класстар арасында сүрөт конкурсу өткөрүлдү. Жыйынтыгында 3-б класстын окуучусу Султангазиев 1- орун, 1-в класстан Турова 2-орунга ээ болушту. УОБДД  инспектору Калманбетов Рахатбек Эркинбекович окуучуларга грамоталарды тапшырды. “Жол кыймылынын кооптуу  жерлери” боюнча лекция өтүштү.
19.02.2019 65
Биздин мектептин 1-7-класстын окуучулары 16-февралда зоопаркка барышып , жаныбарларды “Миң уккандан бир көргөн” дегендей өз көздөрү менен көрүп таанышып келишти. Балдарга абдан жакты.Бирин көрүп бүтпөй, экинчисине чуркап барып көрүп жатышты. Балдарга абдан кызыктуу экскурсия болду.
19.02.2019 57
3 / 512345