Мектеп №85 Жалпы билим берүү орто мектеби

Биз жөнүндө

                                        Биз жөнүндө

                                        №85 жалпы билим берүү орто мектеби жөнүндө маалымат

         №85 жалпы билим берүү орто мектеби 2004-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген. Жылпысынан 754 окуучуга ылайыкталган. Учурда мектепте 701окуучу билим алып, 44 мугалим эмгектенүүдө. Мугалимдердин бардыгы жогорку билимдүү адистер. Алардын ичинен 22 мугалим жогорку, 3 мугалим биринчи, 5 мугалим экинчи категорияга ээ.  11 мугалим «Эл агартуунун мыктысы»  наамы, 13 мугалим КРнын Билим жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Мектеп райондук, шаардык, республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып, 2007-жылы шаардык “Мыкты мектеп” сынагында III орунга, 2011-жылы райондук «Мыкты кыргыз тили кабинети» сынагында II орунга, 2012-жылы шаардык “Мыкты башталгыч кабинети” сынагында II орунга, 2013-жылы шаардык “Мыкты короо” сынагында II орунга ээ болгон, ал эми 2014-2015-окуу жылында дагы шаардык “Мыкты мектеп” кароосуна катышып,      II орунга ээ болду.

№85 жалпы билим берүү орто мектеби

-мектеп окуучуларын жарандык-патриоттук жана руханий-нравалык тарбиялоо ишинин эффективдүүлүгүн  жогорулатуу;

-окуучулардын жана ата-энелердин укуктук билимин тереңдетүү;

-окуучулардын дене-тарбиялык, психологиялык, социалдык жактан өнүгүшүн чыңдоо;

-класс жетекчилердин ишин жакшыртуу;

-мектептеги өзүн-өзү башкаруу уюмунун ишин активдештирүү максаттарын алдыга коюп,

 -өлкөнүн гуманитардык мейкиндигин түзүүгө катышуу;

-коомдун интеллектуалдуу потенциалын негиздөө;

-инсанды интеллектуалдуу жана нравалык эркиндикке, коммуникативдүү ишбилгиликке тарбиялоо;

-жашаган жерине ылайык окуучуларга активдүү тарбия берүүчү  борбор уюштуруу миссияларын ишке ашырууну көздөп келет.

№85 жалпы билим берүү орто мектеби окуу-тарбия процессин пландоодо жана уюштурууда   педогогикалык жамааттын жана окуучулардын өзгөчөлүгүн эсепке алып, өзүнүн негизги усулдук “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу аркылуу инсандыкка тарбиялоо” аттуу темасынын үстүндө иштейт.

Бул усулдук тема беш окуу жылына пландалган, 2016–жылы бул теманын үстүндө иштөө аягына чыгат. Билим берүүнүн багытына жараша гуманитардык, чет тилдер, эстетика-математикалык, көркөм-өнөр, музыка жана дене тарбия, башталгыч класстардын бирикмелери иштейт. Бирикмелер тарабынан предметтер боюнча олимпиадалар, декадалар, айлыктар өткөрүлүп турат.  Мектептин социалдык педогогу жана психологу окуучуларга жана ата-энелерге   кызмат көрсөтүшөт.

Мектеп «Жаш талант», көркөм окуу,  «Жолдо жүрүүнүн жаш инспекторлору», «Жаш өрт өчүрүүчү», «Эр жигит» жана башка райондук, шаардык  кароо-сынактарга, олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

2013-жылы  «Мегабилим» долбоорунун жеңүүчүсү катары информатика кабинети жаңы кампьютерлер менен жабдылган.

Билим алуунун жаңы технологияларынан артта калбастан «Алиппе ТВ» санариптик телеканалы, «Санат билим» илимий долбоору менен байланышып, атайы жабдылган кабинеттерде окуучулардын кызыгуусун арттырган жаңы типтеги сабактар, мугалимдер үчүн методикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Мектепте кесиптик билим берүү боюнча №17жана №97 кесиптик лицейлер менен келишимдин негизинде 10-11-класстын окуучулары үчүн «Тигүү иши», «Чач тарач» жана «Компьютерлерди оңдоо боюнча оператор» кесибине даярдоо окутулат.

Кесип тандоодо бүтүрүүчүлөргө жардам иретинде КУУ, Юридикалык Академия, Ата-Түрк  университети, Кыргыз-түрк «Манас» университети, Россия Федерациясынын Сыктывкарь университети ж.б. окуу жайлар менен тыгыз иш алып барылат. 2014-2015-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнөн  Россия Федерациясына он-лайн аркылуу экзамен тапшырышып,    Сыктывкарь университетине эки, Набережные Челны шаарындагы Техникалык университетке бир бүтүрүүчү студент болушту.

Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюму түзүлгөн. Жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык «Манас», «Семетей», «Сейтек» кошуундарына мүчөлүккө кабыл алынат. Окуучулар «Ыйык Ата журт», «Акылман айым», «Кыргыз таануу», «Жаш билги», «Манас таануу», «Интеллектуалдуу мырза» долбоорлоруна үзгүлтүксүз катышып жеңүүчүлөрдөн болуп келишет.

2014-жылдын сентябрь айында Бакай-Ата конушунда Балдар чыгармачылык борбору ачылган. Анда 14 ийрим иштеп, 460 окуучу камтылган. Мектеп окуучулары  чыгармачылык борбордогу бий, кол өнөрчүлүк, англис тили, комуз, оригами, көркөм өнөр ж.б.  ийримдерине  катышып, чыгармачылыктарын өркүндөтүүдө. Эмгек, көркөм өнөр сабактарында жасалган балдардын кол өнөрчүлүгү, тарткан сүрөттөрү  райондук, шаардык көргөзмөлөргө ар дайым коюлуп келет.

Окуучуларды патриоттуулукка, инсандыкка тарбиялоо процесси өзгөчө орунга коюлган. Мектепте мугалимдер жана окуучулар тарабынан уюштурулган “Күжүрмөн даңк” музейи иштейт. Улуу Жеңиштин                     70 жылдыгына  карата “Эч ким, эч нерсе унутулбайт” деген темада акция өткөрүлүп, согушка катышкан, Мекенине кайтпай калган жоокерлердин эрдиктерин изилдөө иштерин жүргүзүп, алардын жаңыртылган портреттерин көтөрүп чыгышты. Ардагерлер жөнүндө көптөгөн маалыматтар топтолду, ага  бүтүндөй Бакай-Ата конушунун жашоочулары активдүү катышты.

Мектептин жогоруда аталган ийгиликтерин ишке ашырууда талыкпай чыгармачылык менен эмгектенип келген төмөнкү мугалимдер менен сыймыктанышат: мектеп директору Сарыгулова Жылдызкан Болотбековна, социалдык педогог Койлубаева Шарипа Бакировна, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тургунбекова Дилбар Элебаевна, окуу-тарбия иштер боюнча директордун орун басары Есенгулова Салтанат Аскербековна, усулдук иштер боюнча директордун орун басары Молдогазы кызы Гүлгаакы, мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Бөтөмбаев Мирлан Сакунович, чарба иштери боюнча директордун орун басары Ибраимов Айбек Жаманакович, мугалимдер Дүйшөналиева Жакил Чыныбаевна, Матказиева Анипа Абжалбековна, Артыкбаева Марипа Сатыбалдиевна, Мотиева Жумакан Карабаевна, Бийбосунова Чынара Төрөкановна, Кубанычбекова Рапия Мухамеджановна, Качкынбаева Назира Оңолбековна, Бегалиева Үмүт Сабатбековна ж.б.

Мектеп ата-энелер менен байланышты тыгыз кармоого аракеттенет. Ата-энелер тарабынан «№85 ЖББОМне көмөк көрсөтүүчү коомдук бирикмеси», «Камкорчулар кеңеши»  түзүлгөн.  Ата-энелер комитети, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруучу №21 муниципалдык аймак жетекчилиги  тарабынан колдоого алынган.

 

 

 

                                                          № 85 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ   ОРТО МЕКТЕБИНИН  ПАСПОРТУ

Негизделген  жылы

 

2004-жыл 1-сентябрь

Кыргыз Республикасынын  Юстиция Министрлиги  тарабынан   юридикалык тараптын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүк:          №  ГПЮ 0000286              Катталган номери  51990-3301-У-е ,     ОКПО  23 671140        21- октябрь 2010-жыл

Юридикалык дарегиБишкек шаары,  Бакай –Ата конушу,   Бакай-Ата көчөсү   95А,                                             ТЕЛЕФОНДОР: 48-00-56;  48-00-69
Окутуунун тилиКыргыз тили , орус тили
1.Биринчи баскыч1-4- класстар
2. Экинчи баскыч5-9- класстар
3.Үчүнчү баскыч10-11- класстар
Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу формасыЖогорку класстардын кеңеши
Мамлекеттик – коомдук башкаруунун  формасыМектеп кеңеши , жалпы мектептин       ата-энелер комитети, камкордук көрүүчү          ( попечительский) кеңеш, пед. кеңеш
Жалпы билим берүү мекеменин ресурстук базасы
Мекеменин бюджетиМамлекеттик
Имарат жана анын абалы                                            ( курулган жылы)Мектеп 2 кабат  имараттан турат

Имараттын жалпы аянты -3563,9 м/кв

Курулган жылы – 2004-жыл

Имараттын тибитиптүү
Имараттын сыйымдуулугу754 окуучу
Жылытуунун тибиЭлектр тогу
Мектептин территориясы3647,5 м/кв
Мектептин иштөө режими2 смена
Күндөрдүн саны5 күн
Сабактын узактыгы45 минут

                                                  

                                                       

                             ОКУУЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

I чейректин жыйынтыгы

Жалпы окуучулардын саны    –             654

1 -4 – класстын окуучулары    –            309

5-9- класстын окуучулары       –            301

10-11- класстын окуучулары   –             44

                          Окуучулардын  билим  сапаты  жөнүндө маалымат

    1-4-  класс  «эң жакшы» окуган окуучулардын саны – 49

« жакшы» окуган окуучулардын саны     –   69

« канааттандыраарлык » окуган окуучулардын саны- 111

« канааттандыраарлык   эмес » окуган окуучулардын саны- 1

Билим сапаты  51% ,     жетишүүсү   99,5 %

    5-9-  класс  «эң жакшы» окуган окуучулардын саны – 20

« жакшы» окуган окуучулардын саны     –    72

« канааттандыраарлык » окуган окуучулардын саны- 209

« канааттандыраарлык   эмес » окуган окуучулардын саны- 0

Билим сапаты 30 % ,     жетишүүсү  100 %

    10-11-  класс  «эң жакшы» окуган окуучулардын саны – 2

« жакшы» окуган окуучулардын саны-  8

« канааттандыраарлык » окуган окуучулардын саны- 34

Билим сапаты  23% ,    жетишүүсү  100 %

                                                 Окуучулардын социалдык паспорту

Жарым жетим                                                        29

Инвалид                                                                  3

Аз камсыз болгон үй  бүлө                                44

Көп балалуу үй  бүлөнүн баласы                     46

Толук эмес үй  бүлө                                             51

Убактылуу квартирада жашаган үй  бүлө    98

«Афган» ардагеринин баласы                           3

«Баткен» ардагеринин баласы                        1

                          МУГАЛИМДЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

 Жалпы саны                     41

Психолог                          1

Социалдык педагог          1

Дарыгер                            1

Дарыгер айым                   1

Китепканачы                    1

Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  кызматкери  1

 

Билими боюнча

Жогорку билим                                 40

Бүтө элек жогорку билим                 0

Атайын орто кесиптик билим           1

Сыйлыктары

КР нын эмгек сиңирген мугалими           0

КР нын билим берүү отличниги                8

КР нын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы   6

 

Эмгек стажысы 

3 жылга чейин          8

5 жылга чейин          5

5 -10 жылга чейин    4

10-15 жылга чейин   9

15 жылдан ашык       15