Мектеп №85 Жалпы билим берүү орто мектеби

Ата-энелер үчүн маалымат

1-класстын ата-энелери үчүн психологдун сунуштары

      Окуу жылынын башталышы балдар үчүн окуу, жаңы тааныштар, жаңы сезимдер гана эмес, ал жаңы физикалык,ой-жүгүртүү жана эмоциялык чыңалуулар. Мындай жаңы чөйрөгө көнүү үчүн балага убакыт керектелет. Адистердин айтуусунда 1-класстын окуучусу үчүн мектепке адаптация болуу 2 айдан жарым жылга чейин узарат. Адаптация болуу бул узун жана индивидуалдуу процесс, жана баланын:

-инсандык өзгөчөлүгүнө,

-окууга даярдыгына (психологиялык жана физикалык)

-балдар бакчасында болгонуна, башка балдар арасында өзүн алып жүрүүсүнө көз каранды

Баланын ийгиликтүү адаптация болуусу: кубанычтуу, классташтарынын арасынан өзүнө дос таап алуусу, кыйналуусуз,чыңалуусуз, үй тапшырмасын аткарат, мектеп эрежелерин бат үйрөнүп, туура аткарат, жаңы режимге кыйналбай өтүүсү (эртең менен ыйлабай турат,уйкусу канат, кечинде эрте жатат ж.б.), мугалимдин айтканын туура кабыл алат. Окуучулардан жана мугалимден коркпойт.

Дезадаптация көрүнүшү; чарчап, кечинде уктагысы келбейт,эртең менен турганда кыйналат. Классташтарына жана мугалимге дайыма таарынат жана карама-каршылыкты көрсөтөт.

1-класска жаңы келген баланын көбүнчө ата-энелер жаңы жашоосунун кыйынчылыгын күчөтөт:

-жаңы ийримдерге катыштырат,

“Сен эми чоңсуң” –деп үй жумуштарын көбөйтүшөт.

  • Үй-бүлө баланын ийгилигине жетишүүсүнө болгон ишеними баланын өзүнө ишенүүсүн жогорулатууга чоң жардам берет. “Мен сага ишенем”, “Сен баарын туура аткара аласың”, деген кайрылууларды балага көбүрөөк айтуу керек.
  • Мектеп жөнүндө балага негативдүү сөздөрдү “Мектепке барганда көрөсүң кыйыныңды”, “Мугалимдер сага көрсөтөт” –деген сөздөр, мектеп жөнүндөгү кичинекей туура эмес сөз дагы өтө чоң туура эмес таасирин тийгизет.
  • Ата-эненин сүйүүсүн бала ар дайым сезип туруусу зарыл. Кучактоо,сылоо,жылмаюу,жагымдуу көз караш,жагымдуу сөз: “Сенин бар болгонуң мен үчүн эң чоң бакыт”,-деген кайрылуулар баланын ден- соолукта өсүүсүнө чоң ийгиликтерге жеткирет. Өзгөчө бир нерсе жасоодо,кыйынчылыктардын кездешүүсүндө.Оройлук,кыйноо, жазалоо баланын кийинки кыйынчылыктарынын көбөйүүсүнө алып келет.
  • Баланын жаңы пайда болгон милдеттерин туура жана так айтып,көрсөтүп берүү керек: сабакта тынч отуруу,башка балдар менен сүйлөшпөө, башка нерселер менен алагды болбоо,кол көтөрүү,түз отуруу,жазганда башты көтөрүп,туура отуруп жазуу. Ата-эне менен мугалим бирге иштесе, бул эрежени бат үйрөтө алышат.
  • Тынч,жөнөкөй жана жеткиликтүү сүйлөшүү мектепте дагы,үйдө дагы эң негизги эреже! Бирок, көбүнчө сакталбай келет.Бала жасай албай жатса дароо үндү бийик чыгарып кыйкырууга болбойт.
  • Бала оюн айтып жатканда аны айтып бүткөнчө кагып салууга шашылбастан чыдамдуулук менен угуп туруу керек. Өзгөчө башкалардын көзүнчө анын катасын айтып,шылдыңдап күлүү балага терс таасирин берет.
  • Балаңызды эч ким менен салыштырбаңыз.Бул кээде өзүн жогору же төмөн баалоого алып келет.
  • Баланын мектепке адаптациясы ата-энеден көбүнчө көз каранды болот, ал эми мектеп администрациясы, мугалим, психолог милдетүү түрдө жардам беришет.

Балаңыздын окуусунда ийгиликтер болсун!

Информация по поступившим финансовым средствам в общественные обьединения школ и ДОО

Свердловского района за период с января 2018 г.по декабрь2018 г. включительно (12месяцев)

№ ДОО,

школы

Название ОО,ОФНаиме

Нование

Наз.банка

Кол-во детей, учащихсяКол-во членов ОО, ОФФИО председателя

ОО, ОФ

Поступление суммы взноса (сом)Расходы
Вступитель

ные взносы

Спонсор

ная помощ

Ежемесяч

ные сумма взноса

Всего поступило

за 12 мес 2018г

Доплата сотрудника и в по трудовому договору (соц.Фонда. отдельно показатьНа ремонт здания

(текущий,

капитальный ремонт)

Мебель, орг

техника, обору

дование

Мыло

моющи

средства

Товары,

Канц.

товар

Прочие

Услуги

Интернет,

Транспарт,

Санитарные,

Чистка канализация

Материаль

Ная

Спонсорская

(пр повош

рения)

Указать

Где Ведется учет

Приобретенны

Основных средств за средства общественного фонда и обьединения

1Сш №85Центр поддержки №85РОССИН

БАНК

2018-6402018-380Туйгунова Г.К.150 сом,

50%-75 сом

467,770164,0001679209085045000Председатель

Гл.бухгалтер

                                                                       Директор ОО Центр поддержки СОШ №85                               Туйгунова Г.К.

Ата-энелер үчүн маалыматАта-энелер үчүн маалымат

 

 

“Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту иш -чараларга тартуу” долбоорду ишке ашыруу максатында, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги астында Жапония өкмөтүнүн каржылоосу менен Ага Хан фондусу тарабынан ишке ашырылган долбоордо №85 жалпы билим берүүчү орто мектеби     2018-жылдын октябрь айынан баштап, иш алып барып келүүдө.                                        

Бул долбоордун максаты: коомчулук менен бирге мектептерди өнүктүрүү.

Долбоор конкурстук негизде мектептер аралык өтөт.

Конкурстун талабы: Ага Хан фонду берчү каражаттын жарымы (50%) мектептин өзүнөн болуш керек.

Демилгечи топтун курамы:

  • модератор: М.С. Жумалиев (мектеп директору)
  • секретарь: А. Садырбаева (мугалим)
  • секретарь: А.А. Амангулов (мугалим)
  • Алмаз к Мырзайым (мектеп президенти)
  • Алмакунов Бактыгул (парламент мүчөсү)
  • Турганбаева Жибек (ата-энелер комитети)
  • Абдрахманова Жаңыл (ата-энелер комитети)

Ата-энелер үчүн маалыматАта-энелер үчүн маалымат

                  Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

2019-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин №85 Жалпы билим берүү орто мектебине бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. №85 Жалпы билим берүү орто мектебине бекитилбеген территорияда жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2019-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин жүргүзүлөт.

Кабар кылабыз:

КР Билим берүү Министрлиги Бишкек шаарынын мектептеринде 15-февралдан баштап, «мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык система менен иш алып барат.
http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА

Кенен маалымат алуу үчүн: http://bilim.akipress.org/ru/news:1489696//?f=cp

Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу Бакай-Ата конушунун жашоочулары!

 2019-2020-окуу жылына карата 1-класска кыргыз жана орус тилдеринде окутуу үчүн 2019-жылдын 15-февралынан баштап

электрондук каттоо башталды.

Каттоо Бакай-Ата конушундагы №85 ЖББОМинде жүргүзүлүүдө же болбосо электрондук http://mektep.edu.gov.kg сайтына кирип керектүү пунктарды толтуруп өз алдыныздарча катталсаныздар болот.

2019-жылдын 16-майынан тартып убактылуу батирде жашаган окуучулар кабыл алынат.

Мектеп администрациясы.

 

 

БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРДЫН ЭСИНЕ ЖРТ (ОРТ)

Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүсүнүн жогорку окуу жайда билим алуу жөндөмүн текшерет. Көпчүлүк ЖОЖдорго ушул тесттен алынган упайлардын негизинде кабыл алынып, эгер упай жогору болсо, гранттык (бюджеттик) орунга өтүүгө болот. ЖРТ Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.

2019-жылдын Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына жана контракттык негиздеги окутуу формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки) тапшыруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Гранттык орундарга тапшырууну каалаган абитуриенттерге негизги тест менен катар милдеттүү түрдө кеминде бир предметтик профилдик тестти тапшыруу зарыл. Контрактык негиздеги бардык окутуу формаларындагы (күндүзгү, дистанттык жана кечки) орундарга тапшыруу үчүн негизги тест милдеттүү болуп саналат, ал эми предметтик профилдик тестин тапшырган абитуриент тийиштүү багыттарга кабыл алууда артыкчылыка ээ болот. Тестке каттоо төлөмү ар бир абитуриент үчүн негизги тест жана ал  тандаган ар бир предметтик тест үчүн 320 сомду түзөт. 2019 – жылы химия, биология, физика, математика, тарых ( дүйнөлүк тарых, Кыргызстандын тарыхы) жана англис тили боюнча предметтик тесттер аныкталган.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 2019-жылдын 18-февралынан 4-апрелине чейин өткөрүлөт.

Эгерде өзүндү алдын алдын тесттен сынап көрүүнү кааласан анда “Нова” билим берүү борборуна кайрылсаныздар болот. Ошондой эле бул жакта предметтер боюнча даярдоо курстары өткөрүлөт. Кененирээк тест жөнүндө маалыматты http://testing.kg сайтынан кирип алсаныздар болот.